Милиция кызматкерлери кызматтык батирди менчикке өткөрүп алса болот

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерине байланыштуу кызматтык батирлерди менчикке өткөрүп берүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам боюнча, мындан ары 20 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар кызматкерлер, каза тапкан кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү батирди түз сатуу жолу менен менчикке өткөрүп алса болот.

Ошондой эле ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга да өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, пенсияга чыккан, ден соолугуна байланыштуу же кыскартуудан улам кызматтан бошотулган кызматкерлерге, кызмат учурунда каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө батир акысыз берилет.

Мыйзам 9-майдан тартып күчүнө кирет.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты