Милиция кызматкерлери кыйноого алганына даттангандар көп болууда

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын кыйноону алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбаев укугу тебеленип, кыйноого кабылгандардын 80% милиция кызматкерлери анын укугун бузганын айтышарын билдирди.

Укук коргоочу бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында жылдык баяндама жасап жатып билдирди.

«2023-жылы биздин борборго кыйноого кабылганына даттанып кайрылгандардын 81,6% милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдиргендер. Алар кылмышты мойнуна алдыруу максатында кыйноого алынышканын айтышкан. Кыйноо жана ырайымсыз мамиле менен байланыштуу иштер — эң оор кылмыштар. Тилекке каршы, кыйноого шек саналган бир дагы кызматкер иликтөө жүрүп жаткан учурда кызматынан четтетилген эмес. Анткени тергөөгө чейинки текшерүү кылмыш иши козголбой туруп, жүргүзүлөт. Бул укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыйноого кабылган жаранга кысым көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге кыйноого кабылган адамдын ишин натыйжалуу иликтөөгө тоскоолдук жаратат».

Бакыт Рысбаев баяндамасында Кыргызстандагы жабык мекемелер — өзгөчө убактылуу кармоочу жайлар, тергөө абактары, жаза аткаруучу мекемелер адам укугу жаатында эл аралык стандарттарга туура келбесин белгиледи. Ошондой эле тергөө абактарында мыйзам чектеген мөөнөттөн ашык убакыт отурган шектүүлөр кармалып турганы да адам укугуна каршы келерин айтты.

Кыргызстанда Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу 45 убактылуу кармоочу жай бар. Алардын ичинен жетөө жертөлөгө жайгашкан.

ИИМ былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде камакта же убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго кабылган көрүнүштөр жоюлганын маалымдаган.

Кылмыш кодексинин 137-беренеси («Кыйноолор»), 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен айыпталып, соттолгон адамдар үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам «Кыйноо» беренеси менен соттолгон эмес. Өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматында, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты