Бишкекте соода борборунун алдынан унаа айдай качкан жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан соода борборунун алдынан унаа уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда С.Д. аттуу жаран Ленин райондук милициясына арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Баха жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Фрунзе» соода борборунун алдынан «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткенин кабарлаган.

Бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын кызматкерлерине багыттама берилип, шектүү катары 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран кармалды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты