Кайра шайлоо: БШК жумушчу тобуна 24 даттануу жана арыз түшкөн

  • 2 года мурун

Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында кайра шайлоо дайындалгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды маалымдоо боюнча жумушчу тобуна 24 арыз түшкөн.

Бул тууралуу БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Алты талапкерге шайлоо алдындагы үгүт тартибин бузгандыгы үчүн 50 миң сом айп салынды.

БШКнын ыкчам аракет жасоо координациялык тобуна 15 арыз түшкөн. Анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча — 9,  административдик ресурсту колдонуу боюнча–3, баннерлерди уурдоо боюнча — 2, шайлоо документтердин жасалмалоо боюнча 1 арыз түшкөн.  

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Сүрөттө: Узарбек Жылкыбаев. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты