Милиция формасын кийген кишилер «Клооп» кеңсесин аңдып, сүрөткө тартып алышкан

Милиция формасын кийген кишилер «Клооп» басылмасынын кеңсесин аңдып, сүрөткө тартып кетишкен.  

Бул тууралуу аталган ЖМК редакциясынан билдиришти.  

12-сентябрда милиция формасын кийген капитан чининдеги киши кеңсенин алдына келип, сүрөткө тартып кеткени андагы видео көзөмөл камерасына түшүп калган.  

Видео камера көрсөткөндөй,  ал киши 01 KG 633 AAX мамлекеттик номерлүү Honda Stream машинасы менен келген жана кеңсени сүрөткө тартып алган.   

Кеңсе кызматкери ал кишиден эмнеге келгенин жана сүрөттү эмне үчүн тартканын сураганда, ал эч кандай жооп берген эмес.

Кеңсенин күзөт кызматкеринен кайсы күзөт уюмунан экенин сурап, анын кийимин боорундагы номер менен телефон чала баштаган. Бирок байланыша албай кетип калган.

Болжол менен жарым сааттан кийин S 5804 AZ мамлекеттик номерлүү Honda Avancier машинасы токтогон. “Клооп” басылмасынын кызматкерлери рулда отурган кишинин кеңсенин сүрөтүн тартып жатканын көрүшкөн.  

Сүрөт жана видео: «Клооп».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты