Милиция аксакалдын акчасын уурдап алгандарды табышы керек

Кечээ, 16-октябрда, Токмок шаарындагы мал базарда аксакал кишинин 120 миң сомун уурдап кетишкен. Бул акча анын туугандарынын уулунун ашын өткөрүүгө арналган. Акчасын алдырып жиберип, айласы кетип ыйлаган аксакалга базарда тургандар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.

Аксакалды ыйлатпай, акчаны чогултуп бергендерге алкыш айтуу керек. Коомчулукта бул окуя чоң резонанс жаратты. Ал эми милиция кызматкерлери аксакал кишинин акчасын уурдаган чөнтөкчү ууруларды табышы керек.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине аталган окуя кылмыш иши катары катталып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын басма сөз кызматы билдирди.

Видео: Социалдык тармактардан.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты