Миң-Кушта «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды

  • 9 месяцев мурун

1-августта Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Бул программанын катышуучулары болуп Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан саналат.

Аталган программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

2019-жылы Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо аяктады.  

Маалыматта айтылгандай, «Как» объектисинде рекультивациялык иштер жүргүзүлдү, калдык сактоочу жай коргоочу катмар менен жабылган жана азыр ага эч кандай коркунуч жок. Ал эми «Талды-Булак» «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат. Бул иш 2023-жылдын күз айларында бүтөт.

Адистердин маалыматы боюнча, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жайдын бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

1-августта калдыктарды «Туюк-Суудан» «Дальнее» калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер башталды.

Президент Садыр Жапаров видео-байланыш режиминде Миң-Куш айылында жүргүзүлүп жаткан рекультивациялык иштердин башталышын көзөмөлгө алды. Тактап айтканда, ал автотранспорт менен жүк ташууну уюштуруу процессин жана эрежелердин сакталышын карап турду.

Адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү өлкө аймагындагы көптөгөн калдык сактоочу жайлардын терс таасиринен коргоо — мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенине өзгөчө басым жасады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты