Мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Миң-Куш «Оргтехника» заводу, азыркы «Оргтехника» ААКтын балансында турган кыймылсыз мүлктөр жана товардык — материалдык баалуулуктар мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аянты 4,3 га болгон инструменттер цехи,  20га жакын станок (металл кесүүчү, токардык , фрезердик, жаргылчак ж.б.) бар жана аспаптар, аянты 4,44 га болгон заводдун аянты, Мин-Куш айылынын 16-аянтында жайгашкан, аянты 0,19 га болгон мурдагы май куюучу жайдын аймагы, аянты 0,0346 га болгон мурдагы 7-цехтин аймагы, аянты 0,01 га болгон 35 м2 жакын банкет залы, 30 м2 4 гараж жана китепкана. Кайра кайтарылган кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 11 гектарды түзөт.

Миң-Куш «Оргтехника» заводу 1970-1971-жылдары Нарын облусунун аймагындагы биринчи ири өнөр жай ишканасы катары түзүлгөн жана эл керектөөчү товарларды: ручка, түстүү фломастерлерди ж.б. чыгаруу боюнча бюджетти түзүүчү ири ишкана болгон.

Мамлекеттик «Оргтехника» заводу 1994-жылы Эл аралык өнүктүрүү уюмунун программасына киргизүү аркылуу 1995-жылы ачык акционердик коом (ААК) болуп кайра түзүлгөн.

“Оргтехника» ААКнын жер тилкелери жана кыймылсыз мүлктөрү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын балансына тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысына ылайык өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты