“Кавак” улуттук компаниясы түзүлдү  

  • 2 года мурун

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү боюнча чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-мартта кол койгон.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 миллион сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюштуруучусу катары саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты