Миң-Куштагы кырсыкты комиссия иликтеп жатат

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 1 июнунда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “ЭРН-Строй” компаниясынын жүк ташуучу унаасынын көпүрөдөн кулашына байланыштуу, авариянын себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссия түздү. Кырсыкты иликтөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. 

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

«Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок.  Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы он беш күн ичинде чыгарылат» деп билдирди министрлик.  

Маалыматта айтылгандай, кырсыкты иликтөө комиссиясынын курамына жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, тоо-кен металлургия профсоюзу, саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кирди.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн.

“Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Сүрөт: Жаратылыш ресурстары министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты