Мэрия 31-августта Бишкек шаарында өтчү майрамдык иш-чаралар программасын сунуштады

  • 2 года мурун

Бишкек  шаардык мэриясы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралардын программасын сунуштады.

Биринчи май  району

«Ала-Тоо» борбордук аянтында саат 19.30 да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтө турчу  концерт пландаштырылган;

 «Ден соолук» сейил багында  балдар үчүн 16.00 дөн 19.00 гө чейин спорттук мелдештер уюштурулат.(волейбол, атлетика, эстафета, кичи-футбол, аркан тартыш). 

Октябрь району

Саат 18.00-21.00 аралыгында  «Ынтымак-2» сейил багында  көчө   тамак-аш фестивалы өтөт. Анда түрдүү кулинардык турнирлер жана оюндар уюштурулат.

Свердлов району

№ 52 орто мектептин спорт аянтчасында саат 11.00 дө спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда;

Саат 11.00 дө «Эне-Сай» конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Ленин  району

 «Ак-Өргө» конушунда саат 10.00 до  майрамдык иш-чара жана балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда;

 «Ала-Арча» конушунда саат 14.00 дө майрамдык иш-чара өтөт.

31-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда  өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты