Мэр Old Bishkek соода комплексиндеги демонтажды аяктоого эки жума убакыт берди

  • 1 месяц мурун

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексиндеги жумуштардын кечеңдешин белгилеп, демонтажды аяктоого эки жума убакыт берди.

Мэр Чүй проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги объектти демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча созулуп кеткен жумуштарга өзгөчө көңүл бурду. Жунушалиев соода объекттери  ишмердүүлүгүн баштаганына карабастан, инвестор ушул күнгө чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткара электигине нааразычылыгын билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына демонтаждоо иштерин аяктоо үчүн эки жумалык мөөнөт белгилөө тапшырылды.  Эгерде бул тапшырмалар белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, анда аталган өтмөктө жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн ишин токтотуу маселеси каралары белгиленди.

Мындан тышкары «Берен Голд» имаратынын фасадын реконструкциялоо иштери уланууда. Мэр анын жанындагы соода объекттерин бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө келтирүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө LAVR Development компаниясы ЦУМдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча долбоорун сунуштады.

Долбоордо тарыхый фонтанды анын баштапкы архитектуралык стилин сактоо менен заманбап талаптарга ылайык жаңылоо, жөө адамдар үчүн ыңгайлуу аймак түзүү, отургучтарды орнотуу, аймакты жашылдандыруу максатында  мажүрүм тал көчөтүн отургузуу каралган.

Ошондой эле жер алдындагы өтмөккө түшүүчү эскалаторлору бар атриум гана сакталып, калган бардык курулуштар демонтаждалып, бул аймак ачык коомдук мейкиндикке айландырылат.

Мындан сырткары, компания Шопоков көчөсүн мындан ары көрктөндүрүү боюнча концепциясын да тааныштырды. Долбоордо жер алдынан кирүүчү көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу сунушталып, анын негизинде автотранспорт менен жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын өз-өзүнчө уюштуруу каралган.

Ошондой эле көчөдө «Даңк аллеясын» түзүү пландалууда. Анда кадимки көчө жарыктандыруу мамыларынын ордуна белгилүү инсандардын ысымдары жазылган декоративдүү жарык конструкциялары орнотулат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты