Менчиктештирилген айрым объекттерге мунапыс берүү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Эльдар Абакиров, Нурланбек Тургунбек уулу, Дастан Бекешев, Чолпон Султанбекова, Жанарбек Акаев, Жылдыз Садырбаева, Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Камила Талиева, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Советбек Рустамбек уулу, Бактыяр Калпаев, Кубанычбек Самаков, Миргүл Темирбаева, Нурбек Алимбеков, Нурбек Сыдыгалиев, Данияр Толонов, Эльдар Сулайманов, Лейла Лурова, Динара Ашимова, Эльвира Сурабалдиева, Талант Мамытов, Чыңгыз Ажибаев.

Мыйзам долбоору Конституциянын 15-беренесине ылайык, жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында иштелип чыккан. 

Талкуу маалында депутаттар Исхак Масалиев, Айсаракан Абдибаева, Кундузбек Сулайманов, Медербек Алиев, Улугбек Ормонов жана Алишер Эрбаев мыйзам долбооруна бир катар сунуштарды айтышты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты