Бишкекте «Мен – Эдит Пиаф» моноспектаклинин бет ачары өтөт
- 3 месяца мурун
28, 29, 30-мартта саат 19:00дө Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Нина Мазурдун пьесасы боюнча коюлган «Мен – Эдит Пиаф» моноспектаклинин бет ачары өтөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Спектаклдин режиссёру – Александр Панин (Россия), сценографиясын жана костюмдарын Зухра Мукамбетова иштеп чыккан, ал эми хореографиясын Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов даярдаган. Башкы жана жалгыз ролду таланттуу актриса Накинай Дыйканова аткарат.
Бул спектакль – улуу француз ырчы Эдит Пиафтын тагдыры, сүйүүсү жана жашоосу жөнүндө терең монолог. Париждин көчөлөрүндө жаралып, ошол жерде чыгармачылык жолун баштаган, ал жөнөкөй көчө ырчысынан дүйнөгө таанымал жылдызга айланып, артына өлбөс чыгармаларды жана унутулгус үн калтырган.
«Мен – Эдит Пиаф» моноспектакли – атактуу ырчынын тарыхы гана эмес, жеңиш менен жеңилүүнүн, триумф менен жалгыздыктын да татаал сыноосун башынан өткөргөн аялдын терең сырдашуу баяны.
Театрдын дареги: Чүй проспекти, 28.
Көрсөтүү күндөрү жана убактысы: 28, 29, 30-март, саат 19:00