Мелис Тургунбаев министр болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров 23-мартта кол койду.

16-мартта Жогорку Кеңеш жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берди.

Буга чейин Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган. Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты