Мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандар мыйзам чегинде  жазаланат

  • 2 года мурун

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, эми мектептерде мыйзамсыз жана мажбурлап акча чогулткандар мыйзам чегинде жазага тартылат.

Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга, укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен жалпы билим берүүчү мектептерде финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултууга тыюу салуу каралып, ошондой эле мындай аракеттерге укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик киргизилди.

Мындан сырткары, мыйзам менен жалпы билим берүүчү мектептерде финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу боюнча иштерди кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укук берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты