Мектептеги зомбулук боюнча Каракол шаарынын ИИБ жана билим берүү кызматкерлери жазаланды

  • 2 месяца мурун

Каракол шаарынын ички иштер жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери жазаланды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Каракол шаарындагы Мендегул уулу атындагы №7 орто мектебинин 9 “а” классынын  ата-энелер комитетинин өкүлү М.Д.Ц.нын мектептеги системалуу зомбулук боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган арызынын негизинде иликтөө жүргүзгөнүн билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлбөй, жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча милдеттер аткарылбай жаткандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан кылмыш жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө токтом чыгарылды. Анын негизинде Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т., Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. кызматынан бошотулду.

Каракол шаардык ИИБ башчысы Б.Ч.Ч.га -сөгүш, анын орун басары Б.М.Т.га катуу сөгүш, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча ыкчам кызматкери К.А.К.га кызматтык милдеттерди аткарбоо боюнча, Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы М.А.К.га – сөгүш, Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри А.Н.М.ге катуу сөгүш берилди.

Ошондой эле Мендегул уулу атындагы №7 мектептин 11-классынын окуучулары Н.Б. К.И., А.А., 10-класстын окуучулары И.С., А.Ш., А.Б., Э.Д., Д.У., А.З, , ошондой эле Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Н.Р. ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынды.

Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун башка билим берүү мекемелеринде ушул сыяктуу укук бузуу же кылмыштардын алдын алуу максатында Агартуу министрлигине, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Каракол мэриясына, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жана Каракол шаардык ИИБге, шаардык билим берүү бөлүмүнө жана Мендегул уулу атындагы №7 мектептин администрациясына комплектүү иш-чараларды көрүү сунушталды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты