Мектепте чөнтөк телефон колдонуу боюнча мыйзам долбоору ЖК комитетинде каралды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Нурланбек Азыгалиев тобокелдиктер кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Мыйзам долбоорунда мектепте чөнтөк телефонду колдонууга тыюу салбай, аны туура пайдаланууга багытталганы айтылат.
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү жайларында мобилдик түзүлүштөрдү колдонуу эрежелерин иштеп чыкты. Токтом долбоору 29-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбооруна ылайык, мектепке же кесиптик билим берүү жайына кирип бара жатканда окуучулар, ал жакта иштеген кызматкерлер жана тыштан келген жарандар мобилдик түзүлүштөрдү, тактап айтканда телефонду, смартфонду, планшетти жана ноутбукту үнсүз режимге коюшу керек. Ал эми окуучу класска, кабинетке же аудиторияга киргенде өзүнүн мобилдик түзүлүшүн толук өчүрүп, атайын орнотулган кутучага салууга милдеттүү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан