Мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча квота ачылат

  • 11 месяцев мурун

Агартуу министрлиги балдары мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча квота ачыларын билдирди.

2025-2026-окуу жылына мектепке 1-2-класстарга кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 25-августунда саат 09:00дө башталат.

Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүнөн алдын ала текшерип, баланы “Мектепке электрондук каттоо” кызматы аркылуу “Түндүк”, “Мбанк” жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.

Кошумча квота ачыла турган мектептердин тизмеси бул шилтемеде.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты