Мектеп курулушунан 3 млн сомдон ашык ыйгарууга шектүүлөргө иш козголду

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы У. Калиев атындагы 225 орундуу орто мектепти куруу боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен “А.С.” жана “Т.К.” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда 62 млн 296 миң 778 сомго келишими түзүлүп, мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген.

Ысык-Көл обустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары подрядчылар менен алдын-ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизип, 3 млн 224 миң 493 сомду ыйгарып алгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилен мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты