Мексикада Кыргыз Республикасынын жараны кайтыш болду
- 1 год мурун
Тышкы иштер министрлиги Мехико шаарында Б.Р. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондугун маалымдады.
“Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жүрөк дартынан улам каза болгон. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жана анын жакындарына керектүү жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги маркумдун жакын туугандары менен байланышта болуп, бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо” деп айтылат ТИМ басма сөз кызматынын маалыматында.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




