Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар үчүн жаза катаалдады

  • 2 месяца мурун

Сауд Арабиясы Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар ири өлчөмдө айып пул төлөп, камакка алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Сауд Арабиясынын ажылык жана умра министрлиги башка өлкөнүн жарандары 2024-жылкы ажылыкка уруксатсыз катышса, 2 айдан 6 айга чейин абакка кесилип, 50 миң риалга (13 330 доллар) чейин айып пул төлөшөрүн билдирди. Мыйзам бузган чет элдик жарандар депортацияланат жана 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Ал ортодо Сауд Арабиясынын прокуратурасы зыяратчыларга “мыйзамсыз каржылык жардам көрсөтүү” иштерине барбоону эскертти.

Көзөмөл органдын билдирүүсүнө ылайык, эреже бузгандарды жети жылга эркинен ажыратуу жана 5 миллион риалга чейин айып салуу сыяктуу катуу жазалар күтүп турат.

Сауд Арабиясы буга чейин ажылыкка уруксатсыз катышкандарга айып пул салып, абакка кесип келген, бирок мурда жазалар жаңы мыйзамга караганда бир топ жеңил болчу.

Быйыл ажылык 14-июнда башталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты