“Мейкин Азия” фестивалы: Гран-приге румын ырчысы Мария-Диана Стынчуляша татыктуу болду
- 12 месяцев мурун
Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык конкурсунун гран-присинин жеңүүчүсү — румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша болду.
Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев жеңип алды.
Экинчи орунду төмөнкү катышуучулар бөлүштү:
– Виталий Дроб (Беларусь),
– Камир (Кыргызстан),
– Кира Гоголадзе (Россия).
Үчүнчү орунга татыктуу деп табылган катышуучулар:
– Полина Тасева (Түндүк Македония),
– Едже Аса (Түркия),
– Тулкан Таджиев (Өзбекстан).
Гран-приге 8 миң доллар, биринчи орунга 6 миң доллар байге коюлду.
Сүрөт: Маданият министрлиги
Муну бөлүшүү




