Медициналык-социалдык эксперттик топ Баткенде болду

  • 2 года мурун

Баткенде Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын калк менен жолугушуулары болуп өттү.

Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыгерлердин катышуусунда өткөн жыйындарда ден-соолугунан чектелген жарандарды аныктоо жана жеке жардам кызматын алуу маселелери каралды.

Жарандар ден соолугунан чектелүү болгондорду белгилөө боюнча жобого киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышты. Ошондой эле коррупциялык маселелер жагдайында кайрыла ала турган медициналык-социалдык экспертиза департаментинин байланыштары берилди.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери жана дарыгерлер көчмө жыйындардын алкагында биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Баткендеги көчмө жыйын учурунда 30 адам текшерилди, анын 11и балдар.

Медициналык-социалдык эксперттик топ Баткенде болду
Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты