Медициналык шаарчаны куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров “Медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлык көп профилдүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык шаарчаны куруу, калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызматтарды көрсөтүү, инклюзивдүү бейтаптарга багытталган чөйрөнү түзүү, Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо жана интеграциялоо максатын көздөйт.
Медициналык шаарчаны куруу стратегиялык мамлекеттик милдет жана орто мөөнөттүү келечекте ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу долбоор деп эсептелмекчи.
Медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу биринчи кезекте Бишкек шаарында жайгашкан жана реконструкциялоону жана жаңылоону талап кылган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин ачык жана транспаренттик негизде этабы менен менчиктештирүүнүн, ошондой эле жеке инвестициялардын жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашырылат;
Медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу үчүн каражат жетишсиз болгон учурда зарыл болгон каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт;
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу медициналык шаарчанын тиешелүү объекттери эксплуатациялоого киргизилгенине жараша этабы менен, бирок ушул саламаттык сактоо уюму тарабынан бошотулган тиешелүү мүлктүк комплекс менчиктештирилген учурдан тартып эки жылдан кечиктирбестен ишке ашырылат.
Долбоорду жетектөө жана медициналык шаарчанын курулушун координациялоо президенттин иш башкармасына жүктөлөт.
Сүрөт: president.kg




