Медициналык билим берүүгө, инновациялык ыкмаларды жайылтууга көңүл бурулду  

  • 2 месяца мурун

Эл аралык медициналык университет «Коомду трансформациялоо шартында медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимдердин негизги тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана университеттин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Елисей Синдин 80 жылдыгына арналды.

Маалыматта айтылгандай, конференцияга тармактык министрликтердин өкүлдөрү, медициналык окуу жайлардын ректорлору, окутуучулары жана студенттери, ошондой эле Кыргызстан, Россия, АКШ, Азербайжан, Индия, Пакистан, Египет, Казакстан жана Түркиянын окумуштуулары катышты.

Илимпоздор жана студенттер өз изилдөөлөрүн жана докладдарын сунуштап, медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимий жетишкендиктердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

“Жалпы 150дөн ашуун илимий доклад жасалды. Анын 100гө жакынын илимпоздор, 50дөн ашуусун студенттер (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) жасашты. Бул конференция ар кайсы өлкөлөрдүн жана окуу жайлардын адистеринин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, ошондой эле медицина жана билим берүү жаатындагы жаңы идеяларды жана инновациялык мамилелерди талкуулоо үчүн аянтча болду. Анда негизги басым медициналык билим берүүгө, медициналык окуу жайлардагы улуттук жана эл аралык деңгээлде билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгууга жана жайылтууга, окуу процесстерин өркүндөтүүгө, илимий иштердеги инновациялык ыкмаларга жана башка багыттарга бурулду” деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын соңунда секциялык жыйындардын жыйынтыгы менен тармактык министрликтерге, медициналык коомчулукка сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды.

Сүрөт: Эл аралык медициналык университеттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты