Мечиттен чыккан өрт төрт контейнерди каптады

  • 1 год мурун

Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, жалын жанындагы 4 контейнерге өткөн. “Тилсиз жоо” саат 04:03дө толук өчүрүлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер күйүп кеткен.

Маалыматка ылайык жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты