Матраимов өз үй-бүлөсү тууралуу Ташиевдин айтканын четке какты

  • 6 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2-ноябрдагы билдирүүсү тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

«Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес» деди ал.

Мунун алдында Ташиев билдирүү жасап, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду «мафия» деп атаган.

«Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей гана «Матиз» машинасын минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же биздин ички саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек»- деген ал.

Ташиев учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалаган.

Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин айткан эмес.

4-октябрдагы атайын операцияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төгүп берген.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитскийдин акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты