Масадыков Пакистан премьеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси менен жолукту

  • 2 года мурун

Кечээ, 21-октябрда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков федералдык министр даражасындагы Пакистандын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

«Эки тарап тең Ооганстандагы кырдаалды эртерээк турукташтыруунун маанилүүлүгүн жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты