Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок. Анын арызын президент кайра кайтарды  

  • 2 месяца мурун

Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок. Анын арызын президент четке какты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасына жазды.   

Белгилүү болгондой Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Р. Сыдыков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.

“Судьялар кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизишти.

Бул сунуш мамлекет башчы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды” деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттердин баарын актаган чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты