Кемпир-абадчыларды актаган судья кызматтан кетүү арызын жазганы айтылууда

  • 2 недели мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган 22 саясатчы, активисттерди актаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтында айтылды.

Сайтта чыгарылган Судьялар кеңешинин 29-ноябрдагы жыйналышынын күн тартибине «Сыдыков Марат Райымбековичтин ээлеген судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү арызын кароо» маселеси да коюлган.

Ал эми Kaktus.media өздүк булактарына шилтеме берип, Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жазды. Учурда бул тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Эске салсак, ушул жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттердин баарын актаган чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты