Марат Иманкулов: Тажикстан тарабынан алдын ала пландалган агрессия болду   

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан Кыргызстанга  алдын ала пландалган агрессиясы болгонун баса белгиледи.

«Биз бул согуштук аракеттердин катышуучуларынын арасынан жарандык формачан, сакалчан жана колдорунда куралчан адамдарды байкадык. Алар Кыргызстандын аймагын ылгабай аткылашты. Аскердик жана жарандык инфраструктура аткылоого кабылды. Мындан тышкары алар тарабынан колго түшкөн аскер кызматкерлерибизди кыйноого алуу фактыларын жаздык. Алар өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Буга чейин биз муну көргөн эмеспиз. Буга чейин чыр-чатактар болуп, жоокерлер октон каза болгон. Бирок сөөктөрдү шылдыңдаганы байкалды. Бул террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө гана мүнөздүү. Биз кылдаттык менен изилдеп чыктык жана бул куралдуу түзүмдөрдүн курамында Кыргызстанга кол салууга катышкан ооган жарандарынын төгүнгө чыгаргыс далилдерин алдык. Алардын өздүгү такталды. Ооган бийлиги бизге алардын жарандыгын тастыктады», — деди Марат Иманкулов.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты