“Марал” радиосу өз ишмердүүлүгүнүн токтотулушуна байланыштуу түшүндүрмө берди
- 7 месяцев мурун
“Марал” радиосу Фейсбук социалдык тармагында эмне себептен өз ишин токтотуп жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:
«Марал» радиосунун башкаруу кеңешинин чечими менен «Марал» радиосу өз ишмердүүлүгүн токтотту. Негизги себеп каржылык жактан туруксуздук болду. «Марал» радиосунун жыштыгы сатылгандыгына байланыштуу андан чыккан маалыматтарга биз жоопкерчилик албайбыз. Сатылышында эч кандай саясий маселе жок. Ушунча убакыттан бери биздин такай окурман, угарманыбыз болуп келген элге ыраазычылык билдиребиз” деди.
Радио негизинен агартуу багытына басым коюп, элди адеп-ахлакка үндөөгө, маданий-руханий сабатын арттырууга, билимин ар тараптуу өстүрүүгө арналган уктурууларды ободон жаңыртып келген. «Марал» компаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, компаниянын алдында уюшулган «Марал» радиосу 2011-жылдын 11-декабрында обого чыккан. «Марал» — радио, ТВ жана сайт болуп мультимедиалык багытта иш алып барган.
«Компаниянын түптөлүшүнө, радионун обого чыгышына карапайым адамдардын салымы зор болгон. Медиабренддин иштеп кетиши үчүн айрымдар унаасын сатып, айрымдар ар кандай буюм-тайымдарын сатып, айрымдар айлыгынан үнөмдөп акча чогултуп беришкен. «Марал» радиосу медиабренддин түптөлүшүнө салым кошкондордун ар бирине ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле радиобузда көптөгөн тажрыйбалуу журналисттер, режиссерлор, операторлор жана медиа адистери иштеп, өз эмгектери менен медиа тармагында жаңы стандарттарды орнотушту. Алардын тажрыйбасы жана эмгеги биздин ишибизди алдыга жылдырып, «Марал» радиосун коомдун ишенимдүү маалымат булагына айлантты» деп айтылды билдирүүдө.
Бүгүн ЖМКларда Кыргызстандагы көз карандысыз, берүүлөрүн кыргыз тилинде уюштуруп келген “Марал” радиосу өз ишин токтоткондугу кабарланган.




