“Мандатымды агама белек кылдым”. Мыйзамда мандатты белек кылууга болобу? Текшеребиз
- 12 месяцев мурун
- Фактчекинг
Өткөн аптада Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңеште шайлоо өттү. Шайлоодон кийин социалдык тармакта “мандатымды агама белек кылдым” деген видео тарады. Ал видеодо жарандын “Менин ордум Жогорку Кеңеште. Өзүмдүн мандатымды сизге белек кылам. Мен өзүм үч жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болдум” деп айтканын көрүп-угууга болот. Бул интернетте кызуу талкууланып, мандатты белекке берүүгө мыйзамда жол берилеби деген суроо жаралды.
“ПолитКлиника” медиасы мандатты белекке берүүгө болобу же жокпу деген суроону текшерип чыкты.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы расмий чыга элек
17-ноябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккан, азырынча расмий жыйынтыгы чыга элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалымат жарыялады. Анда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 8-декабрына чейин) аныкталары жазылган.

Мындан улам талапкерлер мандат ала электигин айтса болот.
Эки талапкер тууган эмес
Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат каражаттарына бул видео “Эмгек” партиясынын штабында тартылганын билдирди. Маалыматка ылайык, аталган партиянын тизмеси боюнча 22-орундагы Элнур Акылбеков тизмеде экинчи болуп келген кесиптеши Мирланбек Абдикаримовду куттуктап жаткан. Ошону менен катар эле эки талапкер тууган эмес экени жана баары тамаша иретинде айтылганын БШКдан кабарлашкан.
Мыйзамда кандай жазылган?
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 51-беренесине ылайык, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.

Мыйзам мандатты белекке берүүгө бербейт
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов “ПолитКлиника” медиасына мандатты белекке берип, шоу кылган мыйзамдын эч бир нормаларында жок экенин билдирди.
“Мыйзамда көрсөтүлгөн мандат мыйзамда көрсөтүлгөн шайлоочулардын добуштарынын негизинде гана берилет. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосунда саясий партиянын тизмесинде катталып турган талапкерлер добуш берүүдөн кийин, мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин бири-биринин жазуу түрүндөгү макулдугу менен, саясий партиянын жогорку органы тарабынын чечими менен тизмеде өйдө-ылдый жылып алганга мыйзамда жол берилет. Калган убакта белек, шоу кылуу мыйзамда жол берилбейт. Талапкерлердин макулдугу жок саясий партия дагы, саясий партиянын жогорку органы дагы, андай жылдырып койгонго же өзүнүн мандатын башка бирөөгө берип койгонго мыйзам жол бербейт”, — деди Абдыжапар Бекматов.

Жыйынтык: Мандатты белекке берүүгө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамында жол берилбейт.




