“Манас” тууралуу көркөм фильм тартыла тургандыгы айтылды

  • 1 год мурун

АКШ, Кытай, Индия  киноишмерлери менен биргелешип “Манас” тууралуу көркөм фильм тартылат.

Бул тууралуу киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков vb.kg сайтына билдирди. Фильмдин бюджети 40 млн доллардан 100 млн долларга чейин боло тургандыгы айтылды.  

АКШнын кинопродюсерлеринин атынан «Akaya films» кинокомпаниясынын түрк тектүү кинорежиссеру Мевлут Аккайа сүйлөшүүлөргө катышып жатканы айтылды.    

Анын айтымында, Нью-Йоркто  америкалык продюсерлер менен “Манас” көркөм фильмин тартуу тууралуу макулдашуу жүрүп жатат.  Жакында келишим түзүлө тургандыгы айтылды.  

Өмүрзак Төлөбеков “Манас” тууралуу көркөм филмм тартуу анын “Манастын уулу Семетей” фильминен улам сунуш түшкөнүн белгиледи.

Кыргызстанда Өмүрзак Төлөбековдун “Манастын уулу Семетей” фильми көрүүчүлөр тарабынан сынпикирге кабылган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты