Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Камчыбек Ташиев урса деле, тепсе деле ыраазы болорун айтты

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине берген маегинде Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шаардык кеңештин ал кездеги төрагасы Орозбек Турдубеков экөөнү урганын ырастап, урса деле, тепсе деле ыраазы болорун айтты.

-Ал киши урушабы, керек болсо урабы, ал кишинин жүргүзүп жаткан саясатын биз колдойбуз. Камчыбек Кыдыршаевичтин, президенттин бүгүнкү күндө бир эле Манас шаары эмес, бүтүндөй кыргыз мамлекетине, кыргыз элине жасап жаткан иши өтө чоң. Ал кишилер урса деле, тепсе деле, биз ыраазыбыз. Себеби биз кайсы бир жерде туура эмес иш кылып алганбыз. Биз туура кабыл алып эле иштеп жатабыз. Экөөбүздү тең урду. Туура эмес иш кылсаң урат, тилдейт дегендей. Биз ага ыраазыбыз, ачыгын айтканда, себеби түз, туура жүрүшүбүз шарт,-деди Эрнисбек Ормуков.

-Камчыбек Кыдыршаевич — айбаттуу жетекчи да, тартипти өтө катуу кармаган кишилердин бири. Бул кишинин астына барганда биз ал түгүл тилибизди жутуп алабыз, чынын айтканда, айта турган сөзүбүздү унутуп калабыз. Себеби бизди ушунча катуу тартипте кармайт, тамашалашпайт, алдаганды жаман көрөт, айттыбы, аткарышың керек, эң негизгиси, эсинен чыгарбайт. Бир тапшырманы телефондон болсо да бердиби, сөзсүз аткарышың керек. Бул кишинин өмүрүн, ден соолугун тилейбиз. Ушул кишилер бар, бүгүнкү күнү кыргыз эли чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич, ушул экөө бар болсун,-деди Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков.   

Эрнисбек Ормоков Камчыбек Ташиевдин шаар кеңешинин төрагасы экөөнү урганы ал кездеги Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн эки миллиард сомду өздөштүрүүгө байланыштуу болгонун билдирди.

-Эки миллиард боюнча болгон. Эки миллиардды алып келдик, анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович эле. Биз көп долбоорду иштеп чыктык, ал киши барды, администрацияда мен презентация кылдым, ал жерден өткөргөнүн өткөрдү, өткөрбөгөнүн кошумчалайсың деп, тапшырманы берди. Анан “Ала-Арча” резиденциясында акимдердин жыйынына келип, дагы презентация кылдым, ушу менен өткөрүп, акча каражаты бөлүнүп, бюджетке түшкөндөн кийин, ошол каражатты депутаттар бюджетке отургузуп бериш керек. Ошол учурда, биздин ошол маалдагы төрагабыз, депутаттарыбыз мага каршы чыкты, “эки миллиардды өздөштүрө албайсыңар, долбооруңар жарабайт” деп. 31 депутатпыз, 31 депутат менен эмнеге акылдашып койбойсуңар деп. Биз ар бир көчөдөгү көйгөйдү билебиз, ошол көйгөйлөрдү киргизет элек деп. Алардын көйгөйү көчөгө тротуар, асфальт салып бер же ремонт кылып бер деген сунуш болмок да. Биз андай кылган жокпуз. Биз өндүрүш, оорукана курдук, жолдорду оңдодук, техника алдык. “Сен  бир жылда кыла албайсың, жөн эле көкүрөк кагып атасың, уят болосуң” деди. Төрагабыз (шаар кеңешинин) “Регион” телеканалына “аткара албайт, болбогон долбоор” деп айтып коёт. Аны Камчыбек Кыдыршаевич көрөт да, өзгөчө Манас шаарында болуп жаткандарды көзөмөлдөп, карап турат. Анан көрүп калган го, “мени чакырып, эмне болуп жатат деди”. “Ушундай “дедим. Мен деле депутаттарды, төраганы жаман аттуу кылгым келген эмес. Анан чакырып, үкаси катары, жетекчи катары бизди сөзсүз түрдө тилдеп, урушуп турат.

Буга чейин Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууда «шаардык кеңештин төрагасы менен шаар мэри экөө тытыша эле берди, бир айттым болбойт, эки айттым болбойт, анан сабадым» деп айткан.

Сүрөттө: Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков. jalal-abad.gov.kg  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты