Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагында токой өрттөндү
- 7 месяцев мурун
Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан эки күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Айтматов райондук ӨКБдан дагы бир күжүрмөн эсеп тартылды.
Учурда жалпысынан Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жеринде тилсиз жоо менен күрөшүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү