«Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери  кармалды.

Алар Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүн опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкандыгы аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча каралган кылмыш иши үчүн К.С.Ш. кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.

Учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты