Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев көз жумду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жусуп Матаев 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 2004-жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1978-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондунда, 1984–1992-жылдары ушул эле фонддун Нарын облусундагы филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. 2011-жылы Үрүмчү шаарында сүрөтчү, 2021-25-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп эмгектенген.

Ал “Токтогул Сатылганов”, “Композитор Жүмамүдүн Шералиев”, “Бейшеналиев”, “Байбиче”, “Кыз куумай” сыяктуу бир катар чыгармалардын автору.

Эмгектери Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, улуттук тарых музейинде жана Нарын облусттук аймак таануу музейинде сакталып турат. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Япония, Италия, Франция, Корея ж.б. чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлган.

Сүрөттө: Жусуп Матаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты