Мамлекеттик органдардын статс-катчы кызматы жоюлду
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүн талдоонун жана мониторингдин негизинде, бул институттар өздөрүн актаган эмес деген тыянак чыгарылды.
Ал мамлекеттик башкарууда натыйжалуулугун көрсөткөн эмес деп белгиленди.
Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюлушун эске алуу менен, анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.