Мамлекеттик органдардагы бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. 

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду.  

Ага төмөнкү кызматтар кирет: 

—Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), Министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.

—Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)

—Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты