Мамлекеттик мекемелер лампаларды Майлы-Суу заводунан сатып алат

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө Майлуу-Суу лампа заводунан электр лампаларын сатып алуу боюнча мамлекеттик органдарга жана бюджеттик уюмдарга талаптарды белгилөөнү тапшырды. Бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жасалган.

Мындан сырткары, уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан сатып алуу сунушталат. 

Майлуу-Суу лампа заводу 1960-жылдардын ортосунан бери иштейт. Акыркы жылдарда ишкананын финансылык абалы жакшы эмес экени айтылып, аны кайра жандандыруу ниети айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты