Мамлекеттик оорукана жетекчилерин менчик ооруканаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзамга кол коюлду
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров 21-декабрда «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларына жеке менчик ооруканаларда иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинин 24-январдагы санына жарыяланды.
Аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жетекчилик кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошондой эле жетекчилер бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык ооруканалардын жетекчилери жана бөлүм башчылары жеке менчик ооруканаларда иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт. Жетекчи жана бөлүм башчы бул талапты аткарбаган учурда 10 жумуш күндүн ичинде кызмат ордунан бошотулат.
Ошондой эле, мыйзамда мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери кадрлар резервинен түзүү каралган. Аталган кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Сүрөт: интернет булактары




