Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин эсепчиси кармалды
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты өздөштүрүшкөн.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча 3-октябрда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин финансы жана контролдоо бөлүмүнүн эсепчиси 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




