Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилди

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салынды.

«Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган жарлыкка ылайык, 2024-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө жана кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатууга тыюу салынды.

Жарлыкта бул чара мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көрүлүп жатканы жазылган.

Бюджет кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү же мамлекеттик мекемелерге кошумча кызматкер алуу — өзгөчө учурларда — президенттин өзүнчө чечими менен гана жүргүзүлүүсү мүмкүн.

Жарлыктын аткарылышына көзөмөл кылуу президенттин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө жана министрлер кабинетине жүктөлдү.

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы акыркы жолу 2022-жылы август айында көтөрүлгөн. Учурда мамкызматкерлердин орточо айлык акысынын өлчөмү тууралуу так маалымат жок.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл январь-июнь айларында орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түзгөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6% көп.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты