Мамлекеттик катчы Касмамбетов Чикагодо бир катар иш-чараларга катышты

  • 2 месяца мурун

22-майда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Чикаго шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды, иш-чараларды өткөрдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Сүйүнбек Касмамбетов Чикаго шаарындагы башкы консулдукта кызматкерлер менен жолугушууларды өткөргөнү, “Kyrg Demy” кыргыз искусство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышканы белгиленди.

Мындан тышкары кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышып, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекеттик катчы Касмамбетов Чикагодо бир катар иш-чараларга катышты
Мамлекеттик катчы Касмамбетов Чикагодо бир катар иш-чараларга катышты

Сүрөттөр: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты