Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100 пайыз акциясы президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта белгиленгендей, бул “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ипотекалык кредит берүү механизмин жакшыртуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ипотекалык кредит берүү аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Конституциянын 66, 70, 71-беренелерине ылайык, Министрлер кабинети акциялардын мамлекеттик үлүшү 100 % болгон “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү каралды.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты