Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылы 4,5 миң батир берүүгө ниеттенүүдө

  • 2 недели мурун

2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга 4 499 батирди тапшырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media аталган компаниянын жетекчисинин орун басары Нурадил Баясовго шилтеме берип, жазды.

Нурадил Баясовдун айтымында, 2024-жылы ипотекалык компания 1059 батир тапшырган. Анын ичинде Юдахин көчөсүндө жайгашкан үйдөгү 81 батир сот органдарына, ал эми Калык Акиев көчөсүнөн 216 батир милиция кызмаькерлерине тапщырылган. Ал эми медицина кызматкерлерине берилүүчү объекттер азырынча жок.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлүнүн айтымында, 2025-жылы компания төмөнкү батирлердин ачкычтарын берет:

Маликова, 91 көчөсүндө «Мурас» турак жай комплексинен 475 батир;
Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнан 612 батир;
Молдобасанова көчөсүнөн 225 батир;
«Тунгуч» кичирайонунан 54 батир;
Жалал-Абаддан 2409 батир;
Кочкордон 433;
ал эми Таластан 290 батир»,- деп айтылат маалыматта.

Баясов ипотекалык компанияга кезекке турган 42 миң жарандын 23 миңи Бишкек шаарынан батир алууну кааларын билдирген.

«Бишкектен жеңилдетилген эмес, жеткиликтүү насыялоонун алкагында батир алууну каалагандар болжол менен төрт жылдын ичинде кезегине жетишет», — деп белгилеген ал.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты