Бишкек жана “Манас” аэропортун бириктирген жол сынак иретинде мэриянын карамагына өттү
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинети «Бишкек шаарын жана «Манас» эл аралык аэропортун бириктирген автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтом кабыл алды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда бир катар маанилүү иш-чараларды, анын ичинде 2026-жылы Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда. Каралып жаткан автомобиль жолун жана Бишкек шаарынын аймагын чет өлкөлүк мамлекеттердин делегацияларын кабыл алууга даярдоо боюнча ыкчам чаралардыткабыл алуутталап кылынат. Ошондуктан транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолун башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына сынак режиминде өткөрүлүп берилди.
Сынак режимдин мөөнөтү эки жылды түзөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан