Кытай университети тарабынан сунушталган катализаторлор сыналууда
- 2 года мурун
Бишкек шаарынын мэриясы транспорт каражаттарына катализаторлорду орнотуу боюнча тажрыйбаны баштады. Бул жабдуулар Кытайдагы Циндао мамлекеттик университети тарабынан иштелип чыгып, сунушталган.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор борбор шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга жана абанын булганышын азайтууга багытталган иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда.
Тажрыйба катализаторлордун зыяндуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын азайтуудагы таасирин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Жабдуулар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулу тарабынан сунушталган.
Изилдөөнүн жыйынтыктары катализаторлордун Бишкектеги абанын сапатына тийгизген таасирин так аныктоого жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кийинки кадамдарды иштеп чыгууга жардам берет.
Маалыматта айтылгандай, абанын булганышынын негизги булактары — жеке сектор (40%) жана эски унаалар, алар жалпы булганыш булактарынын 30% түзөт.
Бишкекте эксплуатация мөөнөтү 15 жылдан ашкан 333 801 унаа катталган.
Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы




